Акжол Махмудов Олимпиада оюндарынын финалында венгриялык Тамаш Лёринц менен күрөшүп жатканда тактикалык каталарды кетирди. Мындай пикирин Азат Эркинбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде билдирди.
Анын айтымында, кыргызстандык балбандын жаракаты айыгып, мелдешке толук даярдык менен барган.
"Токиодогу көрсөткүч абдан жакшы жыйынтык. Спортчулар ири спорттук иш-чарага чоң жоопкерчилик менен даярданды. "Күч атасын тааныбайт" деген бекер кеп эмес. Андыктан бирөө утса, экинчиси жеңилет. Акжол мелдешке бардык даярдык менен барып, чоң сыноону башынан өткөрдү. Жаракаты толук айыгып, абалы канааттандырарлык эле. Болгону венгриялык балбан менен күрөштө тактикалык каталар болду окшойт. Мындан сырткары, алтын медаль утууга тажрыйба жетишпей калды. Атаандашы Тамаш Лёринц Лондон Олимпиадасында күмүш медаль уткан дүйнө чемпиону катары килемге чыкты. Акжол бардык болгон дараметин сынады. Азыр балбаныбыз туура жолдо кетүүдө. Ушул багыттан тайбай, эмгек кыла бериши керек", — деди Эркинбаев.
Ошондой эле машыктыруучу Акжол Махмудов Париж Олимпиадасында чемпион болуп, алтын медаль утууга бардык мүмкүнчүлүктөрү бар экенин кошумчалады.