Ысык-Көлдө кумдагы футбол мелдешине Европа кубогуна катышкан команда ойнойт

Турнир быйыл төртүнчү ирет өтөт. Ага алгачкы жолу чет өлкөлүк команда катышып жатат. Мелдешти өктөн жылы Ысык-Көлдүн "Жети-Өгүз" командасы жеңген.
Sputnik

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Ысык-Көлдүн жээгинде кум үстүндөгү футбол боюнча Кыргызстандын кубогу мелдешинде Европа чемпиондор кубогунда ойногон "Арман" командасы катышат. Бул тууралуу өлкөнүн Футболдук союзунун маалымат кызматы билдирди.

Турнир 2018-жылдан бери өткөрүлүп келет. Быйыл 20-23-августта болот.

"Беттештер Жети-Өгүз районунун Тосор айылында өтөт. Аталган мелдеш төртүнчү ирет өткөрүлүп жатат. Бул жолкусунда Казакстандын 12 жолку чемпиону, Евразиялык лиганын жана Европа чемпиондор кубогунун катышуучусу "Арман" командасы катышат", — деп айтылат маалыматта.

Турнирде Кыргызстандан Бишкек шаары, Чүй, Жалал-Абад, Баткен, Нарын, Ысык-Көл облустарынын, Жети-Өгүз районунун жана Казакстандын командалары ат салышат. ⠀

Эскерте кетсек, мелдешти өткөн жылы Ысык-Көлдүн "Жети-Өгүз" командасы жеңип алган.