Эгемендүүлүккө 30 жыл: жүгүртүүгө чыкчу алтын жана күмүш монеталардын сүрөтү

"Тарыхый окуялар" сериясындагы "Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнө 30 жыл" тыйындары 2021-жылдын 16-августунда чыгат.
Sputnik

БИШКЕК, 13-авг. – Sputnik. Кыргызстандын Улуттук банкы өлкө эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата алтын жана күмүш монеталарын жүгүртүүгө чыгарат. Бул тууралуу башкы банктын Телеграм-каналына жарыяланды.

Маалыматка караганда, "Тарыхый окуялар" сериясындагы "Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнө 30 жыл" тыйындары 2021-жылдын 16-августунда чыгат.

"Алтын тыйынга кыргыз элинин биримдигин жана гүлдөп өсүшүн туюнткан улуттук орнаменттер жана бакубаттуулуктун белгиси болгон түндүк тартылган. Ал эми түндүктүн ортосуна "30 жыл" деп жазылган. Тыйындын төмөнкү бөлүгүнө улуттук "100 С" валютасынын графикалык символу түшүрүлгөн. Ал эми четине "Эгемен Кыргыз Республикасына 30 жыл" деп жазылганын көрүүгө болот", — деди банктан.

Монетанын экинчи бетине шырдактын сүрөтү түшүрүлгөн.