ЖК төрагасы UFC мушкери Рафаэль Физиевге энчилүү саат белек кылды

Төрага мушкерди Жогорку Кеңештин депутаттарынын жана жеке өзүнүн атынан кезектеги жеңиши менен куттуктап, белектерди ыйгарды.
Sputnik

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов мекенине келген Кыргызстандык UFC мушкери Рафаэль Физиевди кабыл алды. Бул тууралуу спикер өзүнүн Facebook баракчасына жазды. 

Төрага мушкерди Жогорку Кеңештин депутаттарынын жана жеке өзүнүн атынан кезектеги жеңиши менен куттуктап, белектерди ыйгарды.

“Рафаель Физиевдин жеңиши Кыргызстан үчүн чоң сыймык. Ушундай мекенибизди спорт менен даңазалаган эр азаматтарыбыз көп болуп, өлкөбүздүн желеги ар дайым бийиктикте желбиресин”, — деген ал.

Хабиб сыяктуу тосушкан жок... Физиев соцтармакта айтылгандарга пикир билдирди
Мамытов атлетке Жогорку Кеңештин энчилүү кол саатын жана башка белектерди тапшырып, ага ийгиликтерди жана жетишкендиктерди каалаган.

Эске салсак, “Атаман” каймана аттуу кыргызстандык мушкер өткөн жекшембиде кезектеги беттешинде АКШлык Бобби Грин менен кез келип, аны жеңип алган. Бул кармаш "кеченин таймашы" жана "абсолюттук шоу" болуп, мушкерлердин ар бири бонус катары 50 миң доллардан сый акы алышкан.

Физиев муну менен Абсолюттук мушкерлер чемпионатында төртүнчү ирет удаасы менен жеңишке жетти.