ТЭЦ-2ни реабилитациялоо пландалууда. Жапаров объектини өзү көрүп келди

Жакын арада объектини реабилитациялоо боюнча болжолдуу техникалык-экономикалык негиздемени (ТЭН) иштеп чыгууга тендер жарыялоо пландалганы айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 13-августта, Бишкек шаарындагы Жылуулук электр борбору — 2нин (ТЭЦ-2) абалы менен таанышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Алгач мамлекет башчыга ЖЭБ-2нин долбоору 1991-жылы иштелип чыккандыгы боюнча маалымат берилди.

"Долбоор боюнча стратегиялык объектиде жаратылыш газын колдонуу пландаштырылган. Аны 100 гектардан ашык жерге 2 этап менен куруу мерчемделген. Бирок СССР кулап, газ менен жабдуу үзгүлтүккө учурагандан кийин объектинин курулушу токтоп, ЖЭБ-2нин санитардык зонасына, тагыраагы, 47 гектар аянтына акырындык менен турак үйлөр курулуп кеткен", — деп айтылат билдирмеде.

ЖЭБ-2нин курулушун кайра жандандырып, ишти 2-5 жылдын ичинде бүткөрүү сунушталганы белгилүү болду. Ошондой эле жакын арада объектини реабилитациялоо боюнча болжолдуу техникалык-экономикалык негиздемени (ТЭН) иштеп чыгууга тендер жарыялоо пландалган.

Түштүк магистраль узартылып, ТЭЦ-2ге чейин жеткирилет. Видео
Жапаров ЖЭБ-2нин имараты жана жабдууларын көрүп чыгып, анын айланасындагы калктуу конуштун тургундары менен баарлашкан. Ал жергиликтүү жашоочуларга ЖЭБ-2нин курулушун бүтүрүү ниети, парламенттик шайлоону таза өткөрүү боюнча пландаштырылган чаралар жөнүндө айтып, элди коронавируска каршы эмдөөдөн активдүү өтүүгө чакырды.

Баарлашууда жергиликтүү тургундар ЖЭБ-2нин айланасындагы участокторду трансформациялоо, социалдык объектилерди куруу жана башка курч көйгөйлөр тууралуу суроолорун беришкени айтылды.