Сатуучу кызды калькулятор менен чапкан киши камакка алынды

Факт алгач Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "Майда бейбаштык" беренеси менен каттоого алынып, кийин кайра "Бейбаштык" беренесине алмаштырылган.
Sputnik

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Бишкектеги соода борборлордун биринде сатуучу кызды калькулятор менен башка чапкан 29 жаштагы А.А. шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдирди.

Сатуучу кызды калькулятор менен чапкан киши камакка алынды

Маалыматка караганда, жаран абакта 48 саат кармалып, андан соң Октябрь райондук соту тарабынан бөгөт чарасы тандалат. Учурда тергөө амалдары уланып жатат.

Бишкекте сатуучу кызды калькулятор менен башка чапкан киши кармалды. Видео
Эске салсак, окуя 2-август күнү Горький жана 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишиндеги соода борборунда болгон. Арыз жазган кыздын айтымында, ал күнү бейтааныш эркек киши мас болуп алып, аны менен урушуп, сөгүнгөн. Чатакташып жатканда калькулятор менен башка чапкан.

Аталган факт алгач Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жоруктар кодексинин 119-беренеси ("Майда бейбаштык") менен каттоого алынган. Бирок кийин иш кайра 266-беренесине ("Бейбаштык") өзгөртүлгөн.