Бир күндө 468 адамдан COVID аныкталып, жети бейтап каза болду. Статистика

Кечээтен бери 646 бейтап айыгып чыкты. Учурда ооруканаларда 2 283, үй шартында 3 668 адам дарыланып жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Соңку бир сутканын аралыгында Кыргызстанда 468 адамдан коронавирус аныкталып, жети киши көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Жаңы учурлар төмөнкү аймактарда катталган:

  • Бишкек – 262;
  • Ош шаары – 3;
  • Чүй облусу – 72;
  • Ош облусу – 12;
  • Талас облусу - 8;
  • Нарын облусу - 12;
  • Ысык-Көл облусу – 37;
  • Жалал-Абад облусу – 37;
  • Баткен облусу - 25.

COVID менен ооруган бейтапты дарылоого мамлекет канча каражат коротору айтылды
Пандемия башталгандан бери COVID-19га чалдыккан кыргызстандыктардын саны 171 238ге жетти.

Ал эми бир сутка ичинде 646 бейтап айыгып чыкты, жалпы саны 161 450нү түзөт.

Тилекке каршы, вирустун кесепетинен жети адам каза болду. Көз жумгандардын жалпы саны 2 433.

Учурда ооруканаларда 2 283, үй шартында 3 668 адам дарыланып жатат.