ТИМ Казакстанды КР жарандарынын өлкөгө кирүүсүнө коюлган чектөөнү алууга чакырды

Министр менен элчи казак тараптын демилгеси менен жолугуп, анда эки мамлекеттин саясий, соода-экономикалык мамилеси тууралуу сөз болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Кыргызстан жарандарынын Казакстанга кирүүсүнө, транспорт менен элдин эркин жүрүүсүнө чектөө чараларын мүмкүн болушунча эртерээк алып салууну өтүндү. Бул тууралуу ал аталган өлкөнүн элчиси Рапил Жошыбаев менен жолукканда айтканын ТИМ кабарлады.

Министр элчини Казакстан тараптын демилгеси боюнча 12-августта кабыл алган.

Тараптар саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, чек ара чөйрөсүндөгү кыргыз-казак мамилесинин учурдагы жана актуалдуу маселелерин талкуулашкан.

"ТИМ башчысы Руслан Казакбаев Казакстан азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, ошондой эле коронавирустун жайылышына каршы күрөшүүдө Кыргызстанга көрсөткөн гуманитардык жардам үчүн ыраазычылык билдирди. Өз кезегинде элчи казак тарап быйыл күздүк буудайдын 1000 тонна үрөнүн гранттык жардам катары берүү маселесин карап жатканын айтты", — деп айтылат маалыматта.

Министр менен элчи, мындан тышкары, айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн ыңгайлуулугу үчүн чек ара аймактарында биргелешкен соода-логистикалык борборлорду түзүүнү тездетүү, товарлардын транзити боюнча пикир алмашканы кошумчаланды.