Окумуштуу: вакцина COVID-19ду жуктуруп алуудан эмес, өлүмдөн сактайт

Буга чейин АКШлык окумуштуулар коронавирустун вакцинага туруштук берген штаммдары чыгарын айтышкан. Мындан улам адистер адамдар эмдөөдөн массалык түрдө баш тартышы мүмкүн экенин божомолдоодо.
Sputnik

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Биология илимдеринин доктору, Ратгерс университетинин профессору Константин Северинов коронавируска каршы күчтүү иммунитетти кантип калыптандырса болорун Sputnik радиосунун эфиринде айтып берди.

Буга чейин АКШлык окумуштуулар коронавирустун вакцинага туруштук берген штаммдары чыгарын айтышкан. Мындан улам адистер адамдар эмдөөдөн массалык түрдө баш тартышы мүмкүн экенин божомолдоодо.

Биологдун айтымында, канчалык көп киши вакцина албай, вирусту бири-бирине жугуза турган болсо, жаңы, кооптуу штаммдардын пайда болуу тобокелдиги ошончолук күчөйт.

Окумуштуу: вакцина COVID-19ду жуктуруп алуудан эмес, өлүмдөн сактайт
"Вакцинация илдеттин оор формасынан сактайт. Демек, организмди көбүрөөк жабырката алчу вирустар көп тарай албайт. Колдон келсе, вакцинанын экинчи дозасын алган соң антителонун деңгээлин текшерип койгон оң. Бирок кайра-кайра текшерип, түшүп бара жатат деп тынчсыздана берүүнүн зарылдыгы жок", — деди адис.

Окумуштуу билдиргендей, кооптуу штаммдардын бири алгачкылардан болуп пайда болгон Улуу Британияда элдин 65 пайызы эмдөөдөн өттү. Анткен менен күн сайын аз дегенде 50 миң киши вирус жугузуп алууда. Ошол эле учурда алардын арасынан ооруп жатып калгандары аз экени кошумчаланды. Көпчүлүгүндө ПЦР-тест жыйынтыгын вирус бар деп чыкканы менен, оору билинер-билинбес болуп өтүп кетүүдө.