ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгү мекендештер менен жолугуп, эскертүү берди

Жолугушууга кыргыз диаспоралары, коомдук уюмдар, спорт клубдардын машыктыруучулары жана айдоочулардын биргелешкен таксопаркынын лидерлери катышты.
Sputnik

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү Кыргызстандын элчилиги менен биргеликте Москвадагы мекендештерге түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Жолугушууга кыргыз диаспоралары, коомдук уюмдар, спорт клубдардын машыктыруучулары жана айдоочулардын биргелешкен таксопаркынын лидерлери катышты. Мындай иш-чара Москвадагы чет элдик жарандардын жаңжал чыгаруусунан улам болгон.

ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгү мекендештер менен жолугуп, эскертүү берди

Жыйында уюшкан кылмыштуу топтор тарабынан жасалган жана баңгизатка байланышкан кылмыштарды алдын алуу маселеси каралды.

"Кайсы бир окуя боюнча так маалымат таратуу, кылмыштуу топтор менен күрөшүү жана жаштар арасындагы баңгизатка аралашкан кылмыштарды болтурбоо тууралуу айтылды. Бийлик өкүлдөрү жолугушуунун катышуучуларынан Россиянын мыйзамдарын сактоо, митинг жана башка деструктивдүү маанайдагы ар түрдүү чогулуштарды өткөрбөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү суранды. Эгер ушундай учур жаралса ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнө кайрылууну өтүндү", — деп айтылат маалыматта.

Мушташка катышкан мигранттар Россияга кирүү укугунан таптакыр ажырашы мүмкүн
Андан соң катышкан адамдар сөз сүйлөп, жаштарды социалдык тармактардан жана түрдүү мессенжерлерден этиятсыз билдирүүлөрдү жасабоого, улуттар аралык кастыкты козутпоого жана жалган маалыматтарды таратпоого чакырды.

Өз кезегинде ИИМдин өкүлчүлүгү ар кандай маалыматтарга байкоо салып, мониторинг жүргүзүп жатканын эскертти.