Баткен: тажик тарап чек арага жакын жерде казган окопту кайра толтурду

Жакынкы аралыкта чек аралаш аймактардагы жаралган көйгөйлүү маселелерди алдын алуу максатында Баткен жана Согди облустарынын жетекчилери баштаган күч түзүмдөрү жолукмакчы.
Sputnik

БИШКЕК, 13-авг. – Sputnik. Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев 12-август күнү Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджаббой Ахмадзода менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өкүлчүлүк билдирди.

Алимбаев кыргыз-тажик чек арасындагы окоп казуу аракеттерин токтотуу жана башка чек арага жакын аймактардагы тажик тараптын жүргүзүп жаткан курулуш иштерин (тосмо) талкуулаган.

"Натыйжада Лейлек районунун Катта Туз участкасындагы кыргыз-тажик чек арасында тажик чек арачылары казган окоп жана Лейлек районунун Максат айылына жакын курулуп жаткан тосмонун курулушу токтотулуп, казылган жер кайрадан толтурулду", — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, жакынкы аралыкта чек аралаш аймактардагы жаралган көйгөйлүү маселелерди алдын алуу жана болтурбоо максатында Баткен менен Согди облустарынын жетекчилери баштаган күч түзүмдөрү жолукмакчы.