Бала кабыландардын олжо издегенди үйрөнгөн кызыктуу видеосу

Кичинекей кабыландардын энеси балдары олжону өздөрү табыш үчүн аңчылык кылган жерге алып келген. ВВС тарткан жаныбарлар дүйнөсүндөгү кызыктуу видео "National Geographic Россия" басылмасына жарыяланды.
Sputnik

ВВС басылмасынын операторлору кабыландардын үйүрүнө көз салып, алардын балдарынын чоңоюп, өз алдынча аңчылык кылууга жарап калган алгачкы кадамын кадрга түшүргөн.

Алгач кичинекей кабыландын бири таш баканы таап алган, бирок ал жандык "үйүнө" кирип кеткендиктен, таппай калып, ачууланып ыргытып жиберген. Андан ары аңчылыгын улантып, акыры бири олжосун бактан кармаган. Анысы да оозунан түшүп кеткенин көрүүгө болот.

Белгилей кетсек, чоң кабылан бир суткада төрт килограмм эт жейт.