Окуу жылы эки жумага кеч башталат. Акыркы коңгуроо качан өтөт?

Буга чейин акыркы коңгуроо 25-майда өтүп келген. Быйыл окуу жылы 15 күнгө кеч башталып жаткандыктан акыркы коңгуроо аземинин убактысы да жылган.
Sputnik

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. 2021-2022-окуу жылы 8-июнда аяктап, акыркы коңгуроо 9-июнда өтөт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова маалымат жыйын учурунда билдирди.

Эске салсак, 2021-2022-окуу жылы жылдагыдай 1-сентябрда эмес, 15-сентябрда башталат. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон.

"Мамлекеттик экзамендер 10-июнда башталып, 1-июлга чейин жүрөт. Ага 9-11-класстын окуучулары эле катышат, калгандары каникулда болот. Экзаменге убакытты даярдык жакшы көрүлсүн деп кенен бөлдүк. Күбөлүк 11-июлда, аттестаттар 15-июлда берилет", — деди Жусупбекова.

Министрдин орун басары окуу жылы 15-сентябрда башталганы менен мугалимдердин айлык акысы кыскартылбай, мурдагыдай толук бериле турганын кошумчалады.