Эки учурда акы алынбайт. Бишкектеги муниципалдык унаа токтотмолорунун тизмеси

Муниципалдык унаа токтотуучу жайларда машина токтотуунун баасы 25 сомду түзөт. Майрам жана эс алуу күндөрү бекер.
Sputnik

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. "Бишкек токтотмолору жана унаа туруктары" муниципалдык ишканасынын балансында бекер унаа токтотуучу жай жок. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, унаа токтоочу жайлар боюнча иштер негизинен шаардык кеңеш 2020-жылдын 19-февралында бекиткен №151 ("Бишкек шаарынын аймагында муниципалдык акы төлөнүүчү токтотмолорду уюштуруу тартиби жана шарттары жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу") токтомдун негизинде жүрөт.

Буга чейин муниципалитет акы төлөнүүчү жайлардын автоматташтырылган системасы ишке киргенге дейре акы төлөнүүчү убактылуу зоналарды ишке берүүнү чечкен.

Аталган муниципалдык мекеме тарабынан төмөнкү көчөлөрдө акы төлөнүүчү унаа токтоочу жайлар уюштурулган.

  • Киев көчөсүнүн Жаш гвардия бульварынан Кулиев көчөсүнө чейинки бөлүгү;
  • Бейшеналиева көчөсүнүн Москва көчөсүнөн Рыскулов көчөсүнө чейинки бөлүгү;
  • Токтогул көчөсүнүн Жаш гвардиядан Ала-Арча дарыясынын көпүрөсүнө чейинки бөлүгү;
  • Кулиев көчөсүнүн Токтогул көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки бөлүгү;
  • Безымянный жана Юнусалиев көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки бөлүк;
  • Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн Безымянный көчөсүнөн Сүйѳркулов көчөсүнө чейинки бөлүгү;
  • Сүйөркулов жана Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилиши;
  • Юнусалиев жана Сүйѳркулов көчөлөрүнүн кесилиши;
  • Кулатов жана Матросов көчөлөрүнүн кесилиши;
  • Сүйүмбаев көчөсүнүн Чүй проспектисинен Огонбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү;
  • Исанов көчөсүнүн Чүй проспектисинен Киев көчөсүнө чейинки бөлүгү;
  • Ибраимов көчөсүнүн Москва көчөсүнөн Токтогулга чейинки бөлүгү;
  • Клубный көчөсү ("Сары-Өзөн" базарынын жанында);
  • Курманжан датка көчөсүнүн Жибек жолу проспектисинен Славян көчөсүнө чейинки бөлүгү;
  • "МОТО" соода борборунун жанындагы Токтогул көчөсү;
  • Шопоков көчөсүнүн Москва көчөсүнөн Жибек жолу проспектисине чейинки бөлүгү;
  • Бобулов көчөсүнүн Чүй проспектисинен Пушкин көчөсүнө чейинки бөлүгү.
"Бишкек токтотмолору жана унаа туруктары" муниципалдык ишканасынын балансында бекер унаа токтотуучу жай жок. Муниципалдык унаа токтотуунун баасы 25 сомду түзөт. Алардын иштөө убактысы дем алыш жана майрам күндөрүн кошпогондо күн сайын 08:00дөн 20:00гө чейин белгиленет. Биринчи 15 мүнөт унааны токтотуу бекер, көрсөтүлгөн убакыттан ашкан учурда төлөм толук түрдө эсептелинет", — деп жазылат билдирүүдө.

Майрам жана дем алыш күндөрү унаа токтотуу үчүн акы алынбайт.