Рамзан Кадыров балдарына ок атууну үйрөтүп жатканын көрсөттү. Видео

Машыгууга балдардын насаатчысы — ММА жана бокс боюнча дүйнөгө белгилүү мушкер Абдул-Керим Эдилов байкоо салды.
Sputnik

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров Гудермес шаарындагы Россиянын атайын багыттагы университетинин базасында балдары ок атуу боюнча кантип машыгып жатканын көрсөттү. Ал видеону "ВКонтакте" баракчасына жүктөгөн.

"Балдар таамай атып жана тездик менен бутаны аңтарып эң жакшы жыйынтык көрсөттү. Алар баш калкалоочу жайлардан ок чыгарып, атышуунун финалдык этабын ийгиликтүү аяктады. Мындай машыгууга балдардын насаатчысы — ММА жана бокс боюнча дүйнөгө белгилүү мушкер Абдул-Керим Эдилов байкоо салды", — деп жазган Кадыров.

Кадрдан Чеченстан президентинин балдары согуштук куралдарды колдонуп жүргөнүн көрүүгө болот. Кадыров мындай ийгиликтерди көрүү жагымдуу маанай тартуулаарын белгилеген.