Алмаз Мамбетов Ош шаарынын бюджетин 500 млн. сомго көбөйтүү тапшырмасын берди

Быйыл жарым жылдыкта жергиликтүү бюджетке 654,7 миллион сом киреше түшүп, план 105,8 пайызга аткарылган.
Sputnik

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетов калаа бюджетин дагы 500 миллион сомго көбөйтүү тапшырмасын берди. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Бүгүн мэриянын коллегиялык жыйыны болуп, Мамбетов жергиликтүү бюджетти көбөйтүү багытына катуу талаптарды койгон.

"Ош шаарынын бюджетин дагы 500 миллион сомго жогорулатууга толук мүмкүнчүлүк бар. Бул үчүн салык кызматы аймактык башкармалыктардын жетекчилери менен биргеликте көмүскө экономиканы жоюу багытында катуу иш алып барышы зарыл. Ошондой эле бирдиктүү электрондук базаны иштеп чыгуу учурдун талабы. Жыл аягына чейин бул багыттагы иштерди бүтүрүүнү мэриянын тышкы байланыштар жана аналитика бөлүмүнө, салык кызматына тапшырам", — деди Мамбетов.

Шерипов: Баткенге өзгөчө макам берилсе жылына 500 миллион сом бөлүнөт
Мэрия билдиргендей, Ошто патенттин негизинде иштеген 7 440 ишкер бар. Жалпысынан 34 миң салык төлөөчү катталган, анын ичинен 13,5 миңи активдүү төлөп келет. Көмүскө экономика 23 пайызды түзүүдө.

Быйыл жарым жылдыкта жергиликтүү бюджетке 654,7 миллион сом киреше түшүп (трансфертерди жана атайын каражаттарды кошкондо) план 105,8 пайызга аткарылган.