Жакшы максат менен келгем... Мэрликтен кеткен Сарыбашовдун видео кайрылуусу

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткарып жаткан Таалайбек Сарыбашов кызматын тапшырып жатып видео кайрылуу жасады.
Sputnik

Ал өз каалоосу менен мэрликтен кетүүнү чечкенин айтып, ага ишеним көрсөткөн президент Садыр Жапаровго ыраазычылык билдирди.

"Менин кызматты тапшыруумда эч кандай саясат жок. Бул менин айрым себептерге байланыштуу жеке өзүмдүн чечимим. Али далай кызмат кылабыз. Ким кандай ойдо болбосун биздин биринчи максат - мамлекетке, элге кызмат кылуу. Буга чейинки жасаган аракеттерибизге элибиз өз баасын берет. Алдыда мамлекетке, элге кызмат кылабыз деген жакшы тилектерим бар. Жакынкы айларда ал тууралуу кабарлайм", — деди Сарыбашов.

Бишкек менен Оштун мэрлери качан шайланары белгилүү болду
Ошондой эле ал Оштон Бишкекке жаңы максакт менен келип шаарды мындан жакшы кылып оңдоону пландаганын айтып, алдыда сөзсүз борбор калаага салым кошорун белгиледи.

Эске салсак, Ош шаарынын мурдагы мэри Таалайбек Сарыбашов 2-август күнү Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Ал кызматка киришери менен мэрияда иштеген уулун кызматтан алган. БШК Бишкек менен Ош шаарларынын мэрлерин шайлоо күнүн 26-августка белгилеген.