Эки жыл мурун бодо малды идентификациялоо мамлекеттик программасы башталган. Республиканын ар бир аймагынан ветеринарлар чакырылып, француз программасынын негизинде окуудан өткөн. Доктурлардан тарта малдын ээсине чейин уйлардын оорулары, эмделиши, сатылган жана союлган жерине чейин байкоо жүргүзүү боюнча окутулду. Анын негизинде малга бирка басыла баштады. Бул тууралуу Сүйүнбек Абазбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бодо малды идентификациялоодон кийин малдын жана эттин баасы жогорулаган.
"Ар бир шаар, айыл аймактагы ветеринардык дарыгерлер малды идентификациядан өткөрүү программасына тартылган. Алар текшерүүдөн өткөрүп бирка берилген мал тууралуу маалыматтарды атайын программага жайгаштырышты. Жалпы маалымат республикалык базага түшөт. Аталган программанын алкагында айыл аймактарда мал союучу жайлар уюштурулган. Ал жерге мал №1 формадагы справка менен түшөт. Союлгандан соң өпкө, жүрөк жана башка органдары текшерилип, №2 формадагы справка менен бизге келет. Азыр "Ош" базарындагы ири эт сатуучу жайда №19 ветеринардык-санитардык экспертиза лабораториясы иштейт. Бул жерге келген эт кайрадан текшерүүдөн өткөрүлүп, ал тууралуу маалымат базага жайгаштарылып, эт QR-код менен сатыкка чыгат. 12 сандан турган QR-коддо малдын ээси, жашаган аймак, кайсы ооруларга каршы эмделгендиги, эмне дары алганы жана башка маалыматтар болот. Азыр базарларда QR-коду жок эт сатууга тыюу салынган. Эгер чоң рынокко сатыкка чыккан эт QR-код жок болсо, сатуучудан аны талап кылууга укугуңар бар", — деди Абазбеков.
Ветеринар учурда идентификациядан өткөн бодо малдын эти борбордогу ири базарлардын баарында QR-код менен сатылып жатканын кошумчалады.