БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Токиодо өткөн Олимпиада оюндарына катышкан эркин күрөш балбандары Эрназар Акматалиев, Айаал Лазарев жана жөө күлүк Дарья Маслова Бишкекке келишти. Бул тууралуу өлкөнүн Күрөш федерациясы билдирип, сүрөттөрүн Instagram баракчасына чыгарды.
Эрназар Акматалиев Олимп оюндарынын расмий жабылышындагы салтанаттуу парадда Кыргызстандын туусун көтөрүп чыкты.
Алар менен кошо эркин күрөш боюнча башкы машыктыруучу Руслан Маджинов менен ага машыктыруучу Таабалды Сүймөнкул уулу, өлкөнүн Олимпиадалык курама командасынын башкы дарыгери Бактыгүл Алишева, массажист Константин Еремич да келишти.
Муну менен Токио Олимпиадасына барган кыргызстандык өкүлдөрдүн баары келип бүтүштү.
Эске салсак, Кыргызстандан Токио Олимпиадасына спорттун жети түрү боюнча 16 спортчу барган. Анын ичинен грек-рим күрөшүнүн балбаны Акжол Махмудов (77 килограмм) жана кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова (62 килограмм) күмүш медаль утушту. Ал эми дагы бир балбан кыз Мээрим Жуманазарова (68) Олимпиаданын коло байгесин тагынып келди.