Былтыр илим жактагандардын саны өлкөдө 5 жылдыктын рекордун жаңылады

2020-жылы 630 киши диссертациясын жактады. 2019-жылы бул көрсөткүч 453 болсо, андан мурдагы жылы 487 болчу. 2017-жылы  — 448, 2016-жылы 557 киши жаш илимпоздордун катарын толуктаган.
Sputnik

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Былтыр Кыргызстанда акыркы беш жыл ичиндеги маалымат боюнча эң көп киши аспирантураны аяктап, илимдин кандидаты болду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 2020-жылы 630 киши диссертациясын жактады. 2019-жылы бул көрсөткүч 453 болсо, андан мурдагы жылы 487 болчу. 2017-жылы — 448, 2016-жылы 557 киши жаш илимпоздордун катарын толуктаган.

Кыргызстан жаштарынын канчасы жогорку билим алып жатат. Статистика
Өткөн жылы кайсы тармактар боюнча илимдин кандидаттары көбөйдү десеңиз, басымдуу бөлүгү медицинага туура келет. Тагыраагы, 134 медик кандидаттык диссертациясын жактаган. Андан кийинки орундарда экономикалык (91 киши) жана юридикалык (79 киши) илимдер турат.

Алгачкы илимий даража эң аз жакталган тармактар архитектура (1 киши), философия (3 киши) жана культурология (4 киши) болду.

2020-жылкы маалымат боюнча, Кыргызстанда дагы 2 481 киши аспирантура бөлүмүндө билим алып жатат. Алардын көбү техникалык жана тарых илимдери боюнча билимин тереңдетүүдө.