Көк бөрү: президенттин кубогунда чет өлкөлүк командалар эл аралык лигада ойношот

Кыргыздын улуттук көк бөрү оюну кеңири жайылып жаткандыгына жана мелдештин деңгээли жогорулаганына байланыштуу анда эл аралык лига ачылган.
Sputnik

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Август айынын аягында өтө турган Көк бөрү боюнча КР президентинин кубогу мелдешине катышкан чет элдик командалар эл аралык лигада ойношот. Бул тууралуу аталган улуттук спорттун федерациясы билдирип, Өзбекстандан келген команданын курамын чыгарды. 

Кыргыздын улуттук көк бөрү оюну кеңири жайылып, мелдештин деңгээли өсүп жаткандыгына байланыштуу президенттин кубогунда эл аралык лига ачылган.

"Кыргызстандын Көк бөрү федерациясы КР президентинин кубогу мелдешинде жогорку жана биринчи лигадан тышкары эл аралык лиганы ачты. Башка өлкөдөн келген командалар Эл аралык лигада таймаш жүргүзүшөт", — деп айтылат билдирүүдө.

Президенттин кубогу үчүн көк бөрү боюнча эл аралык мелдеш 22-августтан 31-августка чейин Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өтөт. Улуттук ат оюну боюнча таймаш эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына арналып, ага жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн командалары чакырылган. Оюнга Афганистандын көк бөрү боюнча "Кандагар" командасы да катышары буга чейин айтылган.