Радио

Саймасаев: 14-августта киберспорт боюнча Израилдеги турнирге тандоо башталат

Компьютердик спорт федерациясынын башкы катчысы Баяман Саймасаев Кыргызстанда 2019-жылы киберспорт спорт түрүнө расмий киргенин айтты.
Sputnik

Өлкөнүн Компьютердик спорт федерациясы 2017-жылдан бери Эл аралык компьютердик федерацияга мүчө. 2018-жылы киберспорт боюнча Азиялык олимпиада оюндарына катышып, 2019-жылы компьютердик хоккей оюну боюнча Индияда өткөн мелдеште жеңүүчү аталганбыз. Бул тууралуу Баяман Саймасаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Саймасаев: 14-августта киберспорт боюнча Израилдеги турнирге тандоо башталат

Анын айтымында, Кыргызстандагы киберспорттун көрүнүктүү өкүлдөрү Артур жана Руслан Атеевдер.

"Эл аралык федерация быйыл Израиль өлкөсүндө оюндун CSGO, DOTA 2, Tekken 7 жана PES 2020 дисциплиналары боюнча мелдеш өткөрүп жатат. Ал эми турнирге катышуу үчүн 14-августта кыргызстандык оюнчулар арасында тандоо туру башталат. Андан соң Орто Азиянын деңгээлинде Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан мамлекеттери оюн өткөрүшөт. Анын жыйынтыгында мыкты көрсөткүчкө жетишкен спортчулар Израилге кетишет. Кыргызстанда жакшы мүмкүнчүлүк бар. Буга чейин башка турнирлерде жеңүүчү болуп, мыкты жыйынтыктарды көрсөтүшкөн. Бирок киберспорт боюнча бизде курама команда жок. Жеке спортчулар оюндарга же болбосо башка клубдун, өлкөнүн атынан турнирлерге катышып келет", — деди Саймасаев.

Ал жаштарды киберспортко акча үчүн эмес, ушул жаатта чоң ийгилик жаратам деген чоң максат менен келүүгө чакырды.