FIFA: КР командасынын рейтингдеги орду ылдыйлады

Дүйнөлүк рейтингде Бельгия курама командасы көч баштоодо. Бразилия экинчи орунга көтөрүлсө, Франция үчүнчү сапка түшүп калды.
Sputnik

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы Эл аралык футбол федерациясынын (FIFA) рейтингинде 101-орунга төмөндөдү. FIFA жаңыланган тизмени бүгүн, 12-августта, расмий сайтына жарыялады.

Улуттук команда май айындагы рейтингде 99-орунда болсо, азыр 101-катарга жайгашкан. Кыргызстандын капчыгында 1 223 упай бар.

Акжол Махмудов 2-сапка чыкты. Кыргыз балбандарынын дүйнөлүк рейтингдеги орду
Дүйнөлүк рейтингде Бельгия курама командасы көч баштоодо. Бразилия экинчи орунга көтөрүлсө, Франция үчүнчү сапка түшүп калды. Алдыңкы бештикке ЕВРО-2020 мелдешинин финалисттери Англия жана Италия командалары кирген.

Эскерте кетсек, Кыргызстан курама командасы жакынкы матчын Палестина менен ойнойт. Жолдоштук беттеш 2-сентябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо өтөт.