Россиянын артисттери өнөрүн тартуулады. Бишкектеги маданият күнүнүн ачылышы видеодо

Бишкекте Россиянын маданият күндөрүнүн салтанаттуу ачылышы болду. Кыргызстанга РФтен 80ден ашуун искусство кызматкери келип, делегацияны маданият министринин орун басары Ольга Ярилова жетектеди.
Sputnik

Конокторду өлкөнүн маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев тосуп алып, ал эки өлкөнү жакын мамилелер бириктирип турарын айтты.

Россиянын артисттери өнөрүн тартуулады. Бишкектеги маданият күнүнүн ачылышы видеодо
"Биз үчүн бул маанилүү жана чоң иш-чара. Россия Федерациясы — биздин стратегиялык өнөктөшүбүз. Бизди эзелтеден берки достук мамилелер байланыштырып турат. Маданият - элибиздин достугун чыңдай турчу көпүрө. Россиянын маданиятын, искусствосун биз түшүнөбүз, анткени руханий жактан абдан жакынбыз", — деди министр.

Россиянын маданият министринин орун басары Ольга Ярилова тараптар китепкана, музей, билим берүү жана киноиндустрия тармагындагы кызматташтыкты талкуулай турганын белгиледи.

Россиянын артисттери өнөрүн тартуулады. Бишкектеги маданият күнүнүн ачылышы видеодо

Алгач келгендер Россия элдеринин кол өнөрчүлүгүнүн уникалдуу көргөзмөсүнө күбө болушту. Андан соң филармониянын чоң залында "Фольклор — Россиянын жаны" аттуу концерти өтүп, Зарни Ёль, Домино, Йатаган, Колесо жана Чылтыс Таннагашева чыгармаларын тартуулады.

Иш-чара Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылынын алкагында өтүүдө.