Жан Воинов дүйнөнүн мыктылары катышкан бий сынагына калыстык кылат

Маалыматка караганда, эл аралык мелдешке дүйнөнүн мыкты бийчилери менен хореографтары катышат. Иш-чаранын 26-28-август күндөрү Париж шаарында өтөрү күтүлүп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Кыргызстандык бийчи Жан Воинов Fusion Concept Festival эл аралык бий чемпионатына калыстык кылчу топтун курамына кирди. Бул тууралуу сынактын Instagram тармагындагы расмий баракчасына жарыяланды.

Маалыматка караганда, эл аралык мелдешке дүйнөнүн мыкты бийчилери менен хореографтары катышат. Иш-чаранын 26-28-август күндөрү Париж шаарында өтөрү күтүлүп жатат.

Бишкекте кыргыз-казак эл аралык айтышы өтөт
Ошондой эле бул сынакка алгачкы жолу кыргызстандык бийчи калыс катары күбө болуп жатканы айтылды. Аны менен бирге бийчилердин өнөрүнө айтылуу Мадоннанын хореографы Марвин Гофин, брейк-данс стилинин негиздөөчүлөрүнүн бири Би-Бой Жуниор, дүйнөгө белгилүү бийчилер Жин Майкл (Diablo) жана Бэд Жиал Кэсси калыс болот.

Жан Воинов — кыргызстандык кесипкөй бийчи. Бир катар эл аралык сынактардын заманбап бий боюнча жеңүүчүсү.