Дааратканадан табылган баланын абалы жана учурда кайда экени айтылды

Токтогул райондук ооруканасынын төрөт бөлүмүндө жаткан ымыркайдын абалы канааттандырарлык деп бааланууда.
Sputnik

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Дааратканадан табылган бала учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө. Бул тууралуу Жалал-Абад милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ушул тапта Токтогул райондук ооруканасынын төрөт бөлүмүндө жаткан ымыркайдын абалы канааттандырарлык.

Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 150-беренеси ("Коркунучта калтыруу") менен катталып, учурда текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Токтогулда ажатканага ташталган ымыркайдын энеси табылды
Эскерте кетсек, ӨКМ аталган шаардагы турак үйлөрдүн ажатканасынан жаңы төрөлгөн кыз баланын табылганын кабарлап, куткаруучулар аны ИИМ менен Тез жардам кызматына алып чыгып беришкен.

Милиция кызматкерлеринин жүргүзгөн ыкчам иш-аракеттеринин натыйжасында ымыркайдын энеси Бишкек шаарынын А.К. аттуу 18 жаштагы тургуну экени аныкталган. Ал 7-август күнү Токтогул шаарына келген. Курбу кызынын үйүнө 10-август күнү барып, 11-августта төрөп, ымыркайды дааратканага таштап койгон.