Садыр Жапаров сегиз өлкөдөн келген жаңы элчилерди кабыл алды. Сүрөттөр

Жапаров элчилерди дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, өлкөлөрдүн ортосундагы ынтымакты арттырарына ишенерин билдирди.
Sputnik

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-августта, сегиз өлкөнүн жаңы элчилери менен жолугуп, ишеним грамоталарын кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Ишеним грамоталарын тапшырган элчилер:

  • Нгуен Тхи Хонг Оань — Вьетнам элчиси;
  • Маналь Аль Сайед Яхья Аль Шиннави — Египет элчиси;
  • Мохан Виджевикрама — Шри-Ланка элчиси;
  • Рубем Антонио Корреа Брбоза — Бразилия элчиси;
  • Вилли Кемпель — Австрия элчиси;
  • Аурни Тор Сигурдссон — Исландия элчиси;
  • Ким Хенг Меас — Камбоджа элчиси;
  • Мухаммад Тезикуба Кисамбира — Уганда элчиси.

Жапаров элчилерди дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты жана ынтымакты арттырарына ишеним артаарын айтты.

"Биз сиздер өкүлү болгон өлкөлөр менен эки жана көп тараптуу өз ара пайдалуу жана жемиштүү кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдарбыз. Сиздердин алдыңыздарда саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык кызматташууну тереңдетүү сыяктуу маанилүү милдеттер турат. Ошол эле учурда сиздерге бул маанилүү жана жооптуу дипломатиялык ишмердүүлүгүңүздөрдө ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даяр экенимди билдирип кетким келет", — деди Жапаров.

Президент Садыр Жапаров элчилерге алардын маанилүү жана жооптуу дипломатиялык кызматында ийгиликтерди каалады.

Өз кезегинде элчилер өлкөлөр ортосундагы достук алакаларды жана көп кырдуу кызматташууну чыңдоодо жакшы натыйжаларга жетишүү үчүн бардык күч-аракеттерин жумшоого даяр экендиктерин билдиришти.