БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Өзгөн райондук ички иштер бөлүмү Куршаб айылынын 66 жаштагы тургуну Пашакан Жакыпованы табууга көмөктөшүүнү суранат. Бул тууралуу Ош ОИИБдин маалымат кызматы билдирди.
Табышып койгула! Өзгөндө 66 жаштагы аял дайынсыз болууда
© Фото / пресс-служба УВД Ошской области
Ал 2021-жылдын 28-июнунда саат 10:00дөр чамасында жашап жаткан үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес.
Белгилери: бою 150-155 сантиметр, ак жүздүү, арык, кашы-көзү кара, чачы узун, кара. Ак түстөгү жоолук салынып, кызыл гүлдүү көйнөк, кара түстөгү чыптама, кара түстөгү бут кийим кийип жүргөн.
Аялды көргөн-билгендер болсо (03233) 5-06-36, 0555 20 77 76, 0504 44 55 41 номерлерине кабарлай алышат.