Өрт чалган өлкөлөрдөн тарта ажолордун жыйынына чейин. Сүрөт түрмөк

Sputnik

Иордан дарыясынын Батыш жээгинде Израиль аскерлери менен палестиналыктардын кагылышы уланууда. Палестиналыктар жаңы еврей конушунун курулушуна жана аймактагы жерлеринен ажырап калышына каршы чыгууда.

Чолпон-Атада спорттун ММА, жиу-житсу, грепплинг, самбо жана тай бокс түрлөрү кирген "Биримдик-2021" аталышындагы чемпионат өттү. Мелдеш Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылынын алкагында уюштурулду.

Түркиянын токойлорунда өрт күч алууда. 10 күндүн ичинде 21 жерден өрт чыккан. Кырсыктан жети киши каза болду. Өрттүн жоопкерчилигин өлкөдө террордук деп таанылган "Оттун балдары" (Дети огня) аттуу уюм алган.

Немецкая бегунья Alica Ѕchmidt
Чымыр денелүү, сулуу... Токио Олимпиадасындагы кыз-келиндердин сүрөттөрү
КР президенти Садыр Жапаров Түркмөнстанда өткөн Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын жыйынына катышты.

Токиодогу Олимпиада оюндарынын жабылыш салтанатында олимпиадалык эстафета Франциянын борбору Парижге өткөрүлүп берилди.

Грециядагы аномалдуу ысыктан улам токойлордон өрт чыкты. Айрым аймактарында абанын табы +47 градуска чыккан. Бул акыркы 40 жылдагы эң жогорку көрсөткүч болду.

Бишкекте кыргызстандык олимпиадачыларды тосуу салтанаты өттү. Өлкө куржунунда эки күмүш, бир коло байге бар.