Өзгөндө арабада бараткан майыпты койдуруп качып кеткен айдоочу кармалды

Айдоочу кырсыкка кириптер болгон Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унаасын үйүнүн сарайына токтотуп койгон жеринен колго түшүрүлгөн.
Sputnik

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Өзгөн шаарында арабада отурган майып кишини унаасы менен койдуруп из жашырып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Ош облусу боюнча Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Өзгөндө арабада бараткан майыпты койдуруп качып кеткен айдоочу кармалды

Маалыматка караганда, окуя 8-август күнү саат 11:45тер чамасында Өзгөн шаарынын Мирзарахимов көчөсүндө болгон. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 50 жаштагы А.Д. жолдун четинде майып арабасы менен бара жаткан. Артынан белгисиз айдоочу унаа менен коюп, окуя болгон жерден белгисиз тарапка качып кеткени айтылды. Жабырлануучу Өзгөн райондук ооруканасына жаткырылган. Ал эми арабасы сынып, жарактан чыккан.

Таласта Mercedes-Benz унаасынын айдоочусу аялдаманы сүзүп каза тапты. Видео
9-август күнү Өзгөн райондук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсүнүн инспектору Калилбай уулу Аскат тарабынан качып жүргөн айдоочу — Өзгөн районунун 46 жаштагы К.К. аттуу тургуну кармалган. Ал кырсыкка кириптер болгон Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унаасын үйүнүн сарайына токтотуп койгон жеринен колго түшүрүлгөнү айтылды.

Аталган унаа кырсыгы боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Машина айып короого токтотулуп, айдоочу Өзгөн РИИБине жеткирилген