“Йота” штаммы кайсы курактагыларга канчалык кооптуу экени айтылды

Адистер АКШнын Нью-Йорк шаарындагы 2020-жылдын ноябрь айынан тарта 2021-жылдын апрель айына чейинки эпидемиологиялык абалды текшеришкен. 
Sputnik

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. COVID-19дун "йота" деп аталган вариантын жугузуп алган учурда адамда өлүп калуу коркунучу 46–82 пайызга көбөйөт. Бул тууралуу medrxiv.org парталындагы макалага шилтеме берип РИА Новости жазды.

Изилдөөнүн алкагында окумуштуулар АКШнын Нью-Йорк шаарындагы 2020-жылдын ноябрь айынан тарта 2021-жылдын апрель айына чейинки эпидемиологиялык абалды текшеришкен. Анда негизинен вирустун канчалык бат жугарына, иммунитеттен коргоно аларына жана өлүм тобокелдигин канчалык көбөйтөрүнө көңүл бурулган.

Коронавирустун жаңы түрлөрү топ жылдыздардын аталышынан коюлушу мүмкүн
Иликтөөнүн авторлорунун айтымында, "йота" штаммы 45-64 жаштагылардын арасында өлүмдү 46 пайызга, 65-74 жаштагылар арасында 82 пайызга жана 75 жаштан жогоркулардын арасында 62 пайызга көбөйтөт. 

"Йота" штаммы алгачкы жолу Нью-Йорк шаарында 2020-жылдын ноябрь айында табылган. Кийин ал 27 мамлекетке тарап кеткен.

Быйылкы жылдын март айында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму "йота" штаммын “маанилүү” штаммдардын тизмесине киргизген. Негизи ДССУ дүйнөнү тынчсыздандырган штаммдар катары "альфа" (Улуу Британия), "бета" (Түштүк Африка), "гамма" (Бразилия) жана "дельтаны" (Индия) эсептейт.