Чогуу жашашкан. Чүйдө эркек адам мыкаачылык менен өлтүрүлүп, үйү өрттөлгөн

Шектүү жанындагы адамды мыкаачылык менен өлтүрүп, андан соң изин суутуу максатында үйдү өрттөп, өзү коңшу бөлмөдө уктап калганы айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Чүй облусунун Степное айылында мыкаачылык менен киши колдуу болгон эркек адамдын сөөгү табылып, кылмышка шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.

11-август күнү саат 00:45 чамасында турак үйлөрдүн биринде киши колдуу болгон адамдын сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өлтүрүлгөн Л.В. аттуу адамдын 49 жашта экени аныкталып, Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси ("Адам өлтүрүү") боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Кылмышка шектелип буга чейин соттолгон 44 жаштагы Д.А. аттуу адам кармалган. Маалым болгондой, алар бир үйдө 10 жылдан ашык убакыт чогуу жашашкан.

Чогуу жашашкан. Чүйдө эркек адам мыкаачылык менен өлтүрүлүп, үйү өрттөлгөн

Тергөөнүн алдын ала версиясы боюнча, шектүү менен өлгөн адам мас абалында урушкан.

"Шектүү жанындагы адамды мыкаачылык менен өлтүрүп, андан соң изин суутуу максатында үйдү өрттөп, өзү коңшу бөлмөдө уктап калган", — деп айтылат маалыматта.

Коңшулар өрттү байкап калып, өлтүрүлгөн адамдын сөөгү менен шектүүнү үйдөн алып чыгышкан. Окуядан кийин кылмышка шектелген киши качып кеткен, бирок көп узабай кармалганы айтылды. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, экспертиза дайындалган.