БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. АКШда коронавирустун адам өлүмүн 82 пайызга жогорулаткан жаңы штаммы аныкталды. Бул тууралуу РФтин Саламаттык сактоо министрлигинин Урал федералдык округу боюнча штаттан сырткаркы адиси Сергей Токарев билдиргенин Sputnik радиосу жазды.
Анын айтымына караганда, жаңы мутация жугуштуу жана иммундук жооптон "качууга" жөндөмдүү.
"Нью-Йоркто "йота" деген жаңы штамм аныкталды. Ал адам өлүмүн 82 пайызга жогорулатат жана башка мутацияларга салыштырмалуу 25 пайызга тез жугат. 45 жаштан улуу курактагылар үчүн кооптуулугу жогору", — деген Токарев.
Медицина илимдеринин кандидаты Николай Крючков жаңы штамм боюнча азырынча маалыматтар аз экенин айткан.