Ырчы МакSим комадан ойгонуп, соцтармакка алгачкы билдирүүсүн жазды

Ырчы өмүрүн сактап калган оорукана кызматкерлерине жана колдоо көрсөткөн күйөрмандарына ыраазычылык билдирген.
Sputnik

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Россиялык ырчы Марина Абросимова (MaкSим) комадан чыгып, Instagram баракчасына алгачкы постун жарыялады.

"Азыр деле мурдагыдай алым жок. Басайын десем башым айланып жатат. Бирок жакын арада үйгө чыгып, үй-бүлөмдүн жанында болуп калам деп үмүттөнүп жатам", — деген ырчы.

МакSим комада эки күн эле жаткандай сезилгенин айткан.

"Дарыгерлер менден "комада канча убакыт жаттым деп ойлойсуң" деп сурашканда "эки күн" деп жооп бердим. Бир айдан ашык жатканыма чынында ишенген жокмун", — деп жазган ал.

Ырчы оорудан кийин калыбына келгиче ырдабай жана эч жакка чыкпай турарын белгилеген.

Вице-мэр кырсыктаган унаада ырчы Самара Каримова күйөөсү менен бараткан
"Дарыгерлер азырынча концертке чыкканга, учканга болбойт дешти. Өпкө акырындан калыбына келип жатат, ага күч келтирбеш керек", — деди МакSим.

Ал өмүрүн сактап калган оорукана кызматкерлерине жана колдоо көрсөткөн күйөрмандарына ыраазычылык билдирген.

Эске салсак, ырчы Марина Абросимованы дарыгерлер жасалма дем алдыргыч аппаратка 19-июнда туташтырышкан. Кийин өпкөсү катуу жабыркап, сатурациясы түшүп кеткендиктен аны медиктер жасалма комага түшүрүшкөн. Коронавируска тапшырган тести терс чыкканы менен июль айынын аягына чейин анын абалы өтө оор экени айтылып жаткан.