ЖК депутаты Умбеталы Кыдыралиев "Кыргыз алтынды" жетектемей болду

Эл өкүлү 2021-жылдын февраль айында "Кумтөр" компаниясынын ишмердүүлүгүн текшере турган депутаттык комиссияга мүчө болуп кирген.
Sputnik

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты, "Республика — Ата-Журт" фракциясынын лидеринин орун басары Умбеталы Кыдыралиев "Кыргыз алтын" АККнын башкаруучулугунун төрагасы болду. Маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигине Кыдыралиев өзү тастыктады.

Буга чейин аталган ишкананы Маратбек Чолпонкулов башкарып келген.

Дүйшекеев менен орун алмашты. Мурдагы элчи президенттик администрацияга келди
Кыдыралиевдин айтымында, ал аталган кызматка министрлер кабинетинин макулдашуусу менен Мамлекеттик мүлк фондунун чечиминин негизинде дайындалган.

Кыдыралиев Жогорку Кеңештин VI чакырылышына "Республика — Ата-Журт" партиясы менен депутат болуп келген. 2021-жылдын февраль айында "Кумтөр" компаниясынын ишмердүүлүгүн текшере турган депутаттык комиссияга мүчө болуп кирген.