БИШКЕК, 10-авг.— Sputnik. Транспорт жана коммуникация министрлиги тажрыйбасы жок жаш айдоочуларды жүргүнчү ташууга тартуу сунушу боюнча түшүндүрмө берди.
Эске салсак, буга чейин аталган министрликтин "КР лицензиялык уруксат берүү системасы тууралуу", "Транспорт тууралуу", "Автотранспорт жөнүндө" мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоору министрлер кабинетинин сайтында коомдук талкууга коюлган. Анда министрлик мыйзамдын азыркы нормаларынан улам жүргүнчү ташуу тармагында көбүнчө улгайган айдоочулар иштеп жатканын айтып, жаш кадрлар чет мамлекеттерге кетип жатканын белгилеген. Мындан улам "Автотранспорт тууралуу" мыйзамына өзгөртүү киргизүү сунушталган.
"10-августта айрым ЖМКлар министрлик жүргүнчү ташууга тажрыйбасы жок айдоочуларды тартууну сунуштады деген маалыматтарды жарыялаган. Бирок бул мыйзам долбоорунда жүргүнчү ташууга тажрыйбасы жок айдоочуларды тартуу эмес, ташуучулардан бир нече документти сөзсүз талап кылууну алып салуу сунушталган. Бул мыйзам долбоорундагы негиздемеде туура эмес түшүндүрмө берилип калган. Учурда ал оңдолду", — деп айтылат маалыматта.
Министрлик мыйзам долбоору коомдук талкууда экенин белгилеп, акыркы чечим али кабыл алына электигин билдирген. Ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан талкууланып, сунуш, эскертүүлөр эске алынган соң мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизиле турганын кошумчалаган.