Кош бол, Токио! Олимпиаданын жабылыш салтанатынан 18 сүрөт

Sputnik

Олимпиада оюндары Япониянын баш калаасында 23-июлда башталып, 8-августта аяктады. Уткан медалдардын саны боюнча АКШ биринчи орунга чыкты. Америкалык спортчулар 39 алтын, 41 күмүш жана 33 коло байгеге ээ болушту. Кытай өлкөсү экинчи, ал эми Япония үчүнчү орунду ээледи. Россия 20 алтын, 28 күмүш жана 23 коло медалы менен алдыңкы бештикке кирди.

Чымыр денелүү, сулуу... Токио Олимпиадасындагы кыз-келиндердин сүрөттөрү
Кыргызстан Токио Олимпиадасында эки күмүш, бир коло медаль утуп, жалпы тизмеде 70-орунду камсыздады. Муну менен Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен экинчи сапка чыкты. Биринчиге Өзбекстан илинди.

Мелдештин жабылыш салтанаты көрүүчүлөрү жок өттү. Ачылыш аземи да бош стадиондо болгон. Адегенде Олимп оюндарынын катышуучуларынын парады өтүп, япондордун салтына ылайык атлеттер көзү өткөндөргө, анын ичинде спортчулардын элесине таазим кылышты.

Аземдин соңунда Токио эстафетаны салтанаттуу түрдө 2024-жылдагы Олимпиада оюндарынын уюштуруучусу Парижге өткөрүп берди. Эл аралык олимпиада комитетинин президенти Томас Бах олимпиадалык тууну Париждин мэрине тапшырып, Франциянын гимни "Марсельеза" жаңырды.

1 / 18
XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын расмий жабылыш салтанаты Токиодогу улуттук стадиондо өттү
2 / 18
Эл аралык олимпиада комитетинин президенти Томас Бах XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын расмий жабылыш салтанатында
3 / 18
Токиодогу XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын расмий жабылыш аземинде атылган салюттар
4 / 18
Олимпиаданын жабылыш салтанаты көрүүчүлөрсүз өттү. Ачылыш аземи да бош стадиондо болгон. Сүрөттө канадалык атлеттер Олимп оюндарынын жабылыш салтанатында
5 / 18
Салт боюнча катышуучулардын парады өттү
6 / 18
Япониянын салтына ылайык атлеттер көзү өткөндөргө, анын ичинде спортчулардын элесине таазим кылышты
7 / 18
Токиодогу XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын жабылыш аземине катышып жаткан артисттер
8 / 18
Уткан медалдардын саны боюнча АКШ биринчи орунга чыкты. Америкалык спортчулар 39 алтын, 41 күмүш жана 33 коло байге жеңишкен.
9 / 18
Польшалык атлеттер Токиодогу XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын жабылыш аземинде
10 / 18
Кытай медалдар боюнча экинчи орунду ээледи, анын ичинде 38 алтын, 32 күмүш жана 18 коло медаль
11 / 18
Олимпиаданын уюштуруучулары үчүнчү орунду алышты. Япониялык атлеттер 27 алтын, 14 күмүш жана 17 коло байге утушту.
12 / 18
Россия адыңкы бештикке кирди. Россиялык олимпиада комитетинин спортчулары 20 алтын, 28 күмүш жана 23 коло медаль тагынышты. Сүрөттө швейцариялык спортчулар Олимпиаданын жабылыш салтанатында.
13 / 18
Кыргызстан Токио Олимпиадасында эки күмүш, бир коло байге утуп, жалпы тизмеде 70-орунга жетишти
14 / 18
Муну менен Кыргызстан Борбор Азия чөлкөмүндө Өзбекстандан кийин экинчи сапка чыкты. Өзбекстандык атлеттер үч алтын, эки коло байге утушуп, жалпы тизмеде 32-орунга жайгашты.
15 / 18
Эл аралык олимпиада комитетинин президенти Томас Бах олимпиадалык тууну Париж шаарынын мэрине тапшырып, Франциянын гимни "Марсельеза" жаңырды
16 / 18
Токиодогу олимпиадалык чөйчөк
17 / 18
XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын жабылыш аземинде Олимпиада отунун чөйчөгүнүн жабылып жаткан учуру
18 / 18
Аземдин соңунда Токио эстафетаны салтанаттуу түрдө 2024-жылдагы Олимпиада оюндарынын уюштуруучусу Парижге өткөрүп берди