Россия элчиси: гидроэнергетика тармагында кызматташтыгыбыз башталды

Кыргызстанда россиялык "Институт Гидропроект" АКсынын филиалы ачылды. Ага Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко катышты.
Sputnik

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Бишкекте "Институт Гидропроект" АКсынын филиалынын ачылышы эки тараптуу кызматташтык жана Кыргызстандын экономикасынын мындан ары өнүгүүсүндө өтө маанилүү окуя. Бул тууралуу ачылыш аземи учурунда Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко билдирди.

"Россия менен Кыргызстандын гидроэнергетика тармагындагы кызматташтыгын калыбына келтирүү боюнча чакырыктар көп айтылып келет. Бул тилектерди жүзөгө ашырууну баштадык. Кыргызстандын гидроэнергетика тармагынын техникалык абалын тактоо боюнча көп иш жасалып, республиканын жалпы гидроэнергетикалык потенциалын жаңылоо аракеттери башталат деп ишенем", — деди Удовиченко.

Ал эми институттун башкы директору Евгений Беллендир Россиянын гидроэнергетикасы Кыргызстанга кайтып келерине мезгил жетти деп эсептейт.

Жапаров Бердымухамедов менен жолугуп газ, электр энергиясын алуу боюнча сүйлөштү
"Биз филиалды ачуу үчүн узак жолду басып өттүк. Бир нече жыл мурда Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу учурунда жакшы келише албадык. Бирок ал кездер артта калды. Эми Россиянын гидроэнергетикасы Кыргызстанга кайтып келип, ири долбоорлорду ишке ашырууга убакыт келди деп ойлойм", — деди Беллендир.

Ал филиалда көптөгөн жумуш орундары ачылып, адистер окутуларын кошумчалады.