Польша Калининградга зарылып турат. Жаңжал тутангандай...

Ушул тапта мурдагы Варшава блогунун өлкөлөрүнүн биринде дүйнөлүк коомчулукка байкалбаган окуялар башталып туру. Анткен менен алар Европанын энергетикалык, андан да маанилүү тарабын, геосаясий картасын өзгөртүп кое алат.
Sputnik

Кеп мында Польша туурасында. Европалык жалпыга маалымдоо каражаттары жазгандай, өлкөнүн энергетикалык кайра куралдануу жарышына жергиликтүү эки олигарх жана аларга таандык компаниялар да кошулду. Оюнчулардын бири — Михал Соловов жана анын Synthos компаниясы. Алардын кызыкчылыгына химиялык өнөр жай кирет. Анын атаандашы – польшалык медиамагнат, ZE PAK концернинин ээси Зигмунт Солорж-Жак. Ушул жагдайга баам салган кесиптешибиз Сергей Савчуктун макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.

Бир ай мурун Соловов принципиалдуу келишим түзүлгөнүн жар салган, анын алкагында америкалык GE Hitachi Nuclear Energy концерни Польшанын аймагында 2033-2043-жылдар аралыгында ар биринин кубаттуулугу бирден 1,6 гигаваттка чейинки төрт чакан атомдук реактор курууга даяр.

Ал эми атаандашы алда канча акылга сыярлык, ишке ашырууга болчудай демилге менен чыгууда, анткен менен өнөкөткө айланган польшалык русофобия анын жолун бөгөп турат. Солорж-Жак Калининград облусунда жайгашкан Балтика АЭСин курууга салым салуу жетишерлик деп сунуштайт. Бул Польшанын бардык көйгөйлөрүн гана чечпестен, электр энергиясы менен жабдуу рыногунда чөлкөмдөгү негизги оюнчуга айланышына өбөлгө түзмөк.

Байден Меркель экөө "Түндүк агым" боюнча ымалага келишти. Украина унчукпашы керек
Азыркы кырдаал тарыхка жана учурдун темасы болгон экологиялык күн тартибине барып такалат. Себеби Польша — мурдагы Варшава келишимине кирген жана СССРден мурас катары бир дагы эски АЭС энчисине тийбеген өлкөлөрдүн бири. Польшанын энергетикасы толугу менен көмүргө негизделет.

2019-жылга карата маалыматтарга ылайык, Батыш ааламында (жалгыз эле Батыш эмес) экологиянын элдешкис душманы жана полярдык муздарды ээритип жатат деп аталган көмүр (!) аталган өлкөнүн электр кубатынын дээрлик жетимиш төрт пайызын түзгөн.

Иштин мындай жагдайы, албетте, Европа биримдигине жакпайт. Бирок поляктар өлкөнүн генерациясынын үчтөн экисин шамал жана күн панелдерине алмаштыруу мүмкүн эместигин белгилөө менен жыл өткөн сайын өз энергетикасын "жашылдандыруу" талаптарынан коргонуп эле келе жатат.

Брюссель жана Варшаванын ортосундагы бул саясий тартыш быйыл эле башталган жери жок. Бирок польшалык бюджет европалык казынадан жыл сайын 15-20 миллиард евро өлчөмүндө кайтарымсыз дотация алат, ошондуктан Польша өкмөтү донорлордун талаптарын аткаруунун жолун издөөгө мажбур.

Польшанын кен ресурстарынын ичинен көмүр жана бир аз табигый газга бай. Анан калса, көгүлтүр от болушунча чектелген, өлкө ичинде алынган газ көлөмү да керектөөнүн жарымын гана жабат.

Жетпей калган ресурстар жылына тогуз миллиард куб метрди поляктар "Ямал" магистралдык газ түтүгү аркылуу Россиядан алышат. Кошмо Штаттардан алынган суюлтулган газ жалпы керектөөнүн жети гана пайызын жаап, куткара алган эмес. Ошону менен бирге эле Польша Европадагы бардык энергетикалык долбоорлордун эзелки жана ачык каршылашы экени эч кимге жашыруун эмес.

Жаңы мунай дүрбөлөңү: Россия кандай пайда көрөт?
Варшава жакында россиялык газды сатып алуудан толугу менен баш тартарын жарыялап, Прибалтика өлкөлөрү менен "Түндүк агым – 2" долбооруна ойго келгис тоскоолдуктарды жараткан. Башкача айтканда, Германия жана Австриянын Европанын негизги газ хабына айлануу аракеттерин үзгүлтүккө учуратууда.

Россияга каршы саясаттын тар алкагына салынган Варшаванын азыркы кырдаалдан чыгуу үчүн инструменттери чектелүү. Тагыраак айтканда, бир гана вариант бар. Ал – атомдук энергетика. Акыл, экономика, география жана физика поляктарга Россияны жактырбаган саясатын жыйыштырып, аны менен кызматташууну баштоону көрсөтүүдө.

Польша — энергетикалык таңсыктыгы бар өлкө. Демек, ал өлкө тиричилигин камсыздоого жетерлик электр кубатын өз алдынча өндүрө албайт. Көрсөткүчтөр да өжөрлөнө буларды айгинелеп турат, жыл сайын 165,5 тераватт-саатты пайдалануудан сырткары дагы он үчтү Варшава чет өлкөдөн сатып алат. Польшалык энергетикалык тутумдагы ар бир онунчу киловатт импорттолот. Тилекке каршы, ушуну менен эле бүтүп калбайт.

Эгер Польшанын картасын алдыбызга жайып электр станцияларынын жайгашуусун карап чыксак, өлкөнүн түндүк-чыгышында — Августов повяты жана Подляск воеводствосунда таптакыр генерация объектилери жок. Ага жакын жылуулук электр станциялары Варшавадан түштүккө жана Гданьсктан түндүккө карай жайгашкан.

Балтика АЭС Россиянын Литва менен чектешкен аймагында болсо да географиялык жактан электрге зарылып турган польшалык эки аймакка кыйла жакын. Заманбап технологиялар Польша менен чек арага дейре магистралдык электр чубалгыларын курууга мүмкүндүк берет.

Эгер америкалыктардын сунушу менен Калининграддагы атомдук станцияны салыштыра турган болсок, мында кызыкчылык бир тараптуу. Расмий маалыматтар боюнча, инфраструктурасы 12-15 пайызга даяр Балтика АЭСин куруп бүтүрүү жети миллиард еврого айланат. Ошол эле учурда америкалык долбоор алдын ала эсептер боюнча 23 миллиард долларга чукулдайт. Дагы бир өтө маанилүү фактор — убакыт.

Россия америкалык рынокторду ээлөөдө
Калининграддагы объектини 2028 же 2029-жылы ишке киргизүү реалдуу болуп турса да Synthos америкалыктар менен ишти 2030-жылдан кийин баштоону пландайт. Дагы бир белгилеп кетчү жагдай бар. Атомдук электр станциясынын курулушу абдан татаал процесс, баштаганда эле сейсмикалык жактан ылайык жерди издөө көйгөйү чыгат.

Геологиялык-чалгындоо иштери, талаа изилдөөлөрү жана макулдашууларга бир жыл жетишсиз. Америкалык реакторлордун бул иштер комплекси башталмак тургай али пландоо горизонту да атала элек.

Балтика АЭСинде мындай тилке бар, ал изилденип, эл аралык жөнгө салуучу тарабынан тастыкталган. Ал гана эмес станция курулушунда нөлдүк цикл да бүткөн: келечектеги энергетикалык блок аянтчаларына бетон куюлуп, башка маанилүү объектилердин жайгашуусу долбоорлонгон. Айтмакчы, тагдырдын тамашасын караңыз, 2013-жылы Неман районундагы Атомдук электр станциясынын курулушун дал Польша жана Литванын аракеттери токтотуп койгон. Россия менен Крымдын биригишинен кийин Варшава жана Вильнюс станциялардан электр кубатын сатып алуу келишимдерин токтоткон. Бир катар электр чубалгылардын, анын ичинде NordBalt (Литва аркылуу Швецияга, LitPol Link (Литва аркылуу Польшага), Estlink (Литва аркылуу Эстония жана Финляндия) жана Польшага энергетикалык түз көпүрөнүн курулушу да токтотулган.

Польшалык энергетиктер ошондо эле Россия менен кызматташуудан башка арга жок экенин аңдаган, Калининграддан электр кубатын сатып алуу уяла турган жагдай эмес деп эсептешкен. Бирок бул ишке чоң саясат аралашкан.

Польша жана Прибалтика россиялык экславды кысымга алууга басым жасап, АЭС чыгарган кубаттуулук чыгым болорун күтүшкөн. Бирок алардын оюндагыдай болгон жок, Россия Балтика АЭСинин курулушун токтотпостон, убактылуу гана тоңдуруп койгон. Объектиде консервация иштери жүргүзүлгөн, ал алигүнчө өз маалын жана 2,8 гигаватт кубаттуулугу зарыл тарапты күткөн абалда.

Эки атомдук реакторду жоготкон Россия жооп катары Калининград облусундагы соңку жылдары Талахов, Прегольски, Маяковский жылуулук электр станцияларын жана Правдински ГЭСин курду. Бүгүнкү күндө аймак толугу менен электр кубаты менен камсыздалган.

Ушул көрсөткүч эле потенциалдуу инвесторлор үчүн чексиз мүмкүнчүлүктөргө жол ачат. Анткени ички рынокто Балтика АЭС өндүрүмүнө зарылдык жок, аны толугу менен электр кубатын экспорттоого жөнөтүүгө болот. Польша эгер эстүүлүк кылса, анда РФтин батыштык коңшулары күчтүү инструмент жана киреше булагына ээ болушат.

Жаңы мунай дүрбөлөңү: Россия кандай пайда көрөт?
Россиянын бирдиктүү энергетикалык тутумуна ташыбастан станцияны дароо Европа биримдигинин энергетикалык системасы менен синхрондоштурууга болот. Ошону менен бирге эле россиялык киловатт-сааттарды чет өлкөгө экспорттоодогу милдеттүү техникалык элемент болгон – дайымкы ток туташтыруу да талап кылынбайт. Польшанын түндүк-чыгыш аймактары жеткиликтүү жана арзан электр кубатын мол алышат, буга таасын далил — Беларусь АЭСи. Польша жана Прибалтика анын курулушуна канчалык каршы чыкса да Беларустан, мисалы, Украинага кайра жөнөтүлүп жаткандай эле процесс ушул тапта толук күчүндө.

Россиялык-польшалык алаканын тарыхы жана ага үстүртөн жасалган талдоо Варшава дагы бир ирет дапдаана байкалган нерсеге көз жумуп, орустардан чочулай өзүнүн чыгашалуу жолун улоого түртүшү мүмкүн. Бирок мында да баары эле жеке кызыкчылыктар, ири суммадагы каражат жана үлкөн мүмкүнчүлүктөр аралашкан чоң саясаттагыдай бир өңчөй эмес.

Солорж-Жак Балтика АЭСин өзү эле эмес, MVM венгриялык мамлекеттик ишканасы менен биргеликте курат. Баса, ал Венгриядагы жападан жалгыз "Пакш" АЭСин заманга бапташтыруу ишине гана жооп бербестен, ага болгон артыкчылыктуу укукту "Росатом" ишканасына россиялык мамлекеттик корпорациясына берген. Ал тургай аталган мамлекеттин премьер-министри Виктор Орбан бир нече ирет польшалык кесиптеши Матеуш Моравецкий менен бир нече жолу жолугуп, талкууланган негизги маселелердин бири – дал Калининграддагы АЭСти чогуу куруу мүмкүнчүлүгү болгону эч кимге купуя сыр эмес.

Эсеп мында жөпжөнөкөй: Россия, Польша жана Венгриянын ортосундагы үч тараптуу келишим түзүүдө жакынкы келечекте аталган эки европалык өлкөнүн гана кызыкчылыгы үчүн иштеп, ошону менен бирге эле россиялык казынаны толтура турган станцияга ээ болуу үчүн долбоордун ар бир катышуучусу болгону эки миллиард евродон ортого чыгарганы жетиштүү болот. Эң кызыгы, Польша алигүнчө ошол сунуштан баш тарта элек.