Мирзиёев Олимпиададан медаль уткандарга жолтандабас, коттедж белек кылды. Сүрөт

Коңшу өлкөнүн спортчулары үч алтын, эки коло медаль тагынып, кечээ, 9-августта, мекенине кайтып келишкен.
Sputnik

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Токио Олимпиадасынан медаль алгандарга автоунаа жана турак жай белек кылды. Бул туурасында коңшу өлкөнүн Олимпиада комитети билдирди.

Мамлекет башчынын атынан алтын медаль уткандарга Chevrolet Tahoe үлгүсүндөгү жол тандабас жана коттедж (жер тилкесинин аянты 4 сотых) берилген. Ал эми коло медаль ээлерине Trebleizer үлгүсүндөгү автоунаа менен эки бөлмөлүү батирдин ачкычы тапшырылган.

Коңшу өлкөнүн спортчулары Олимпиада оюндарынан үч алтын, эки коло медаль утуп, кечээ, 9-августта, мекенине кайтып келишти. Аларды премьер-министр Абдулла Арипов баштаган бийлик өкүлдөрү тосуп алып, эки кабаттуу автобуска салып Ташкенттин көчөлөрүн аралап өтүшкөн.