Өнөкөт оорусу барлар сөзсүз вакцина алышы керек. Дарыгерлер аларды тийиштүү текшерүүдөн өткөрүп, анан эмдейт. Бул тууралуу Зуридин Нурматов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, эмдөөдө медицина кызматкерлерине, мугалимдерге жана көп ооруп жүргөндөргө артыкчылык берилген.
"Учурда 24 миңден ашуун медициналык кызматкер вакцинанын биринчи дозасын алды. Ал эми экинчи дозаны алгандар 19 миңден ашты. Мындан тышкары, жүрөк-кан тамыр оорулары менен жабыркаган 4 миңден ашуун адам, кант диабети бар миңдей киши, өпкөсүндө өнөкөт оорусу менен күрөшүп келген миңден ашуун адам эмделди. Башкача айтканда, өнөкөт оорусу барлар биринчи кезекте эмдөөдөн өтүп жатат, алар сөзсүз вакцина алышы керек. Дайыма карап жүргөн дарыгерден сураса, алар тийиштүү сунуштарды берет. Ошондой эле эмдөөнүн алдында медиктер сөзсүз кан басымды, температураны өлчөйт. Эмне оорусу бар экенин сурап, жообуна карап, анан вакцина алууга уруксат берет. Эмнеге буларга артыкчылык берилип жатат? Анткени улгайгандар менен көп ооруп жүргөндөрдүн организминде антитело иштелип чыкканга чейин вирус көпкө жүрүп калат. Натыйжада анын мутацияланышына шарт түзүлөт. Ошондуктан бүткүл дүйнөдө улгайгандар, өнөкөт оорусу барларды эмдөө биринчи кезекте жүргүзүлүүдө", — деди Нурматов.
Ошондой эле ал интернетте аныкталбаган маалыматтарга ишенип эмдөөдөн баш тартпоого чакырды.
Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз: