NASA Марстагыдай жашоо үчүн ыктыярчыларды издеп жатат. Видео

Агенттик адам баласын Марска жиберүү үчүн тест өткөрүп жатканы айтылат. Алар өздөрү жашылча-жемиш өстүрүп, астронавттардын тамагын жешет.
Sputnik

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. АКШнын Улуттук аэронавтика жана космос башкармалыгы (NASA) бир жыл обочолонууга даяр ыктыярчыларды издеп жатат. Бул тууралуу "Известия" басылмасы жазды.

Агенттик адам баласын Марска жиберүү үчүн тесттерди өткөрүп жатканы айтылат. Ыктыярчылар бир жыл бою Марска окшогон модулда жашашат. 160 чарчы метрлик аянт төрт бөлмөгө бөлүнүп, жанында медициналык станция дагы болот. Адамдар өздөрү жашылча-жемиш өстүрүп, астронавттардын тамагын жешет.

NASA бул сыноону 2022-жылдын күз мезгилинде баштайт. Ага катышкандарга акы төлөнөт. Бирок азырынча суммасы белгисиз.