Министрлик 1-сентябрдан тарта балдарга мектептен билим берүүнү пландоодо

Быйыл бирдиктүү мектеп формасы талап кылынбайт. Балдар үстү ак, асты кара таза кийим менен сабакка келе алышат.
Sputnik

БИШКЕК, 10-авг. – Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги 1-сентябрдан тарта окуучуларга мектептен билим берүүнү пландап жатат. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, мындай чечимдин кабыл алынышы эпидемиологиялык кырдаалдан, мугалимдердин эмделишинен жана Республикалык штаб менен Саламаттык сактоо министрлигинин уруксатынан көз каранды.

"Ошентсе дагы сабактардын офлайн өтүп калышына даярдыктар көрүлүп жатат. 20-августта жыйын өтүп, анын жыйынтыгында акыркы чечим кабыл алынат", — дешти министрликтен.

Быйыл бирдиктүү мектеп формасы дагы талап кылынбай турганы белгиленди. Балдар үстү ак, асты кара таза кийим менен сабакка келе алышат.