Рекорд! Кыргызстан жыл башынан бери 21,8 млрд. сом карызынан кутулду

Бул жылы насыянын 37 миллиард 266 миллион сомунан кутулууну пландап жатат. Муну рекорддук сумма деп атаса болот.
Sputnik

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Жыл башынан бери (январь-июль) Кыргызстан мамлекеттик карызды төлөөгө 21 миллиард 790,9 миллион сом сарптады. Бул туурасында Экономика жана финансы министрлиги билдирди.

Анын ичинен 11,2 миллиард сом тышкы карызды төлөөгө жумшалган.

КРдин Улуттук банкынын запасы бир айда эле 70 миллион долларга азайды
Былтыр ушул эле мезгилде мамлекеттик карызды тейлөөнүн суммасы 18,1 миллиард сомду түзгөн.

Бул жылы Кыргызстан 37 миллиард 266 миллион сомунан кутулууну пландап жатат. Муну рекорддук сумма деп атаса болот. Бирок төлөө мөөнөтүн жылдыруунун эсебинен азайып калышы да мүмкүн.

Жыл сайын насыянын төлөмдөрү өсүп жатат. Мисалы, быйыл январь-июлда эле 21,8 миллиард сом сарпталса, 2017-жылы бир жылдык төлөм 20,6 миллиард сом болгон.

Учурда мамлекеттик карыздын көлөмү 4,9 миллиард доллардан ашат.