Окумуштуулар коронавирусту 70%га чейин жок кыла турган дары табышты

Илимпоздордун айтымында, бул препарат арзан жана дүйнө жүзү боюнча жеткиликтүү. Мындан улам вакцина ала албаган адамдарга аталган дары керек экени кошумчаланды.
Sputnik

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Фенофибрат препараты жана анын активдүү формасы болгон фенобриндик кычкылы коронавирусту адамдын клеткасында жок кылышы ыктымал. Мындай жыйынтыкты окумуштуулардын эл аралык тобу чыгарганын Frontiers in Pharmacology журналы жазган.

Билдирмеге караганда, негизи фенофибрат жүрөк-кан тамыр оорусу менен жабыркаган бейтаптарды дарылоодо холестериндин деңгээлин азайтууда колдонулат. Коронавирусту "өлтүрө" турган дарыны издеп жатып окумуштуулар дал ушул препаратка токтолушкан.

Коронавирустан айыккандар кандай илдеттерге чалдыгууда? Неврологдун жообу
Изилдөө көрсөткөндөй, фенофибрат вирусту 70 пайызга чейин жок кылууга жөндөмдүү. Ошол эле учурда ал коронавирустун бардык түрлөрүнө каршы натыйжалуу дары экени айтылды. "Дельта" штаммын канчалык жок кыла алары азырынча изилденип жатат.

Окумуштуулардын айтымында, бул препарат арзан жана дүйнө жүзү боюнча жеткиликтүү. Мындан улам кирешеси аз болгон мамлекеттер үчүн зарыл экени жана вакцина ала албаган адамдарга керек болору кошумчаланды.