Казакстанда октябрдан тарта балдар менен кош бойлуулар эмделе баштайт

Маалыматка караганда, Pfizer вакцинасы Казастанга күздө алып келинет. Бирок аны алгач каалоочулардын бардыгы ала албайт. Анткени препарат балдар менен кош бойлууларга сайылат.
Sputnik

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Казакстанда октябрь айынан тарта 12 жаштан жогорку курактагы балдар менен кош бойлуу аялдар коронавируска каршы эмделе баштайт. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттык сактоо министри Алексей Цойго шилтеме берип Sputnik Казакстан жазды.

Бул үчүн АКШлык компания өндүргөн Pfizer вакцинасы колдонулары айтылат.

"Октябрь айынын башында Pfizer вакцинасы алып келинип, кош бойлуу аялдарга колдонуу пландалууда. Ошондой эле 12 жаштан өткөн балдарды ата-энесинин уруксаты менен эмдөөгө болот", — деп айтылат макалада.

Эске салсак, өткөн айдан тарта Россиялык "Спутник V" вакцинасын дагы 12-17 жаштагы өспүрүмдөргө пайдалануу боюнча клиникалык изилдөө башталган.