Бишкекте Токтогул көчөсүнүн бир бөлүгү кайрадан жабылат

Бул ирет жолду ремонттоо эмес, жылуулук түйүндөрүн күз-кыш мезгилдерине даярдоо иштери жүргүзүлөрү айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Бишкекте Токтогул көчөсүнүн Турусбековдон баштап Үмөталиев көчөсүнө чейинки бөлүгү 15-сентябрга чейин жабылат. Бул тууралуу мэрия кабарлады.

Бишкекте оңдолуп бүткөн эки көчө ачылды. Сүрөт
Билдирмеге ылайык, аталган бөлүктө жылуулук түйүндөрүн күз-кышкы мезгилге даярдоо иштери жүрөт.

Ошондой эле Фрунзе жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги жылуулук түйүндөрүнүн камерасын реконструкциялоо иштерине байланыштуу 20-августка чейин автоунаанын каттоосуна жарым-жартылай чектөөлөр коюлат.

Мэрия айдоочуларды кошумча башка жолдор менен жүрүүгө чакырып, келтирген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурады.