Бишкектин кээ бир көчөлөрүндө 11 күнгө газ өчөт. Тизме

Компаниядан билдиришкендей, жылытуу сезонунда авариялык өчүрүүлөр аз болушу үчүн жай мезгилинде оңдоо иштери жүргүзүлүп турат.
Sputnik

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Бишкектин айрым аймактарында 16-августтан 27-августка чейин газ жок болот. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасынан кабарлашты.

Бул күндөрү жылытуу сезонуна карата газ бөлүштүрүүчү тармактарда оңдоо жана профилактикалык жумуштар аткарылат.

Газ берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:

  • Курманжан Датка, Калинин көчөлөрүндө, Чүй проспектинде, ЧЧК менен кесилишкен аймактарда;
  • Чыгыш-5 кичи району;
  • Бакай-Ата жаңы конушунун күн батыш тарабы;
  • ЖЭБ (ТЭЦ);
  • Восток жана Лебединовка айылдары.

"Газпром Кыргызстан" компаниясы түзүлгөн ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, аталган убакыт аралыгында энергиянын альтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.