Антикоррупциялык ишкердик кеңеши мындан бир ай мурун, 8-июлда, президенттин жарлыгы менен түзүлгөн. Аталган кеңешти түзүүнүн негизги максаты — коррупцияга каршы иштөө маселелери боюнча мамлекеттик бийлик органдары менен жарандык коомдун ортосундагы натыйжалуу диалогду камсыз кылуу. Ошондой эле бизнести өнүктүрүү, инвестициялык климатты жана ишкердик субъектилердин ишин коргоо жана колдоо механизмдерин жакшыртуу үчүн шарт түзүп берүү болуп саналат.