Радио

Иргашев: айыл чарба адистиктерине кызыккандар көбөйдү

Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин биринчи проректору, профессор Алмазбек Иргашев акыркы учурларда айыл чарба адистиктерине кызыккандар көбөйгөнүн айтты.
Sputnik

Биотехнология, ветеринардык медицина, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү багыты боюнча тапшырган абитуриенттер арасында атаандаштык курч. Мындай маалыматты Алмазбек Иргашев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Иргашев: айыл чарба адистиктерине кызыккандар көбөйдү

Анын айтымында, фитосанитардык көзөмөл агрономияда жаңы багыт болгондуктан суроо-талап жогору болууда.

"Акыркы учурда айыл чарба адистиктерине кызыккандар көбөйүп, тармактын өнүгүшүнө жакшы салым кошо башташты. Кыргыз улуттук агрардык университети агрономия багытында жогорку квалификациядагы адистерди даярдай турчу өлкөдөгү алдыңкы жогорку окуу жайы. Учурда абитуриенттер көбүнесе ветеринардык медицина, биотехнология, фитосанитардык көзөмөл, жер кадастры жана жерге жайгаштыруу багыттарын тандап жатышат. Мындан тышкары, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү боюнча суроо-талап чоң", — деди Иргашев.

Ошондой эле профессор окуу жай Айыл, токой, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигиги менен кадр маселелери боюнча кызматташып турарын кошумчалады.

Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз: